Көйрөң жигит歌詞

添加日期:2023-12-21 時長:03分08秒 歌手:Чолпон Талипбек

作詞 : Чолпон Талипбекова
作曲 : Чолпон Талипбекова
"Көйрөң жигит"
Сөзү : Доорон Нуриевдики
Обону : Доорон Нуриевдики
Жаныма келсең кылчайып карабайм,
Сүйкүмдүү сөзүңдү сүйүү деп санабайм.
Алдымдан чыксаң адашып жолуңдан,
Алдагың келип кармаба колумдан.
Бир жигит жолум тороду бастырбай,
Сүйүүсүн арнап мага сөз айттырбай.
Дос кызым айтты досумдун жоругун,
Анын да жүрүптүр эшигин каккылай.
Көйрөңдүгүң ий, көңдөйлүгүң эми байкадым...
Алдагың келип кармаба колумдан,
Алдымдан чыкпа, жигит, адашып жолуңдан.
Кат жаздың мага катасы толтура,
Сүйлөшөлү деп жанаша отура.
Катаңды оңдоп кадырлуу болууга,
Түшкүм да келбейт шайтандын колуна.
Жаныма келсең кылчайып карабайм,
Сүйкүмдүү сөзүңдү сүйүү деп санабайм.
Алдымдан чыксаң адашып жолуңдан,
Алдагың келип кармаба колумдан.
Жылмакай жүзүң жылдызы бөлүнгөн,
Байкабас кызга баатырдай көрүнгөн.
Байкатып койбо мактанчаак сөзүңдөн,
Сөз баштап ага биринчи өзүңдөн.
Жаныма келсең кылчайып карабайм,
Сүйкүмдүү сөзүңдү сүйүү деп санабайм.
Алдымдан чыксаң адашып жолуңдан,
Алдагың келип кармаба колумдан.
更多>

喜歡【Чолпон Талипбек】您也可能喜歡TA們的歌詞…

更多>

最新歌詞